Чүй. Садовое айылында аял 4 жыл чогуу жашаган адамды өлтүрүп салды

7-декабрдан 8-декабрга караган түнү Чүй облусундагы Москва районунун Садовое айылында аял чогуу жашаган адамды өлтүрүп салды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга бул окуя боюнча маалымат түшүп, тергөө тобу ошол жерге барып, кылмышка шектүү аялды кармашкан. "К.С. аттуу аял А.Г. аттуу жаран менен 4 жыл чогуу жашаган, бирок нике каттоосуна турушкан эмес. Окуя болгон күнү алар арак ичип отурушкан. Алардын ортосунда чыр чыгып, аял жолдошун бычак менен сайган. Жарадар болгон адам ошол жерден көз жумган. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azura
2015-12-17 15:45:21
люди сошли с ума(((
0
Elime
2015-12-17 16:16:49
Жинди суунун айынан бул дагы.Эмне болду эми бири олуп, бири темир тор артына кетип.Жакшы жанылыктарды акыркы кундору окубай эле калдык окшойт.
+3
kasiet95
2015-12-17 22:03:35
Кудай сакта ар бир адамдын журогуно ыйман берсин!!!
+1
Parish
2015-12-18 16:52:52
Мине балээ аялдар керминалис
болуп баратабы,кудай сакта.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан