Бишкекте бүгүн, 17-декабрда миграция тармагын кеңейтүү боюнча талкууда кыргыз жериндеги ички жана сырткы миграция боюнча статистикалык маалыматтар каралып жатат.
Эксперт Гүлнара Ибраеванын айтымында, 1995-2013-жылдар аралыгында 40 миңден ашуун адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын жана кайрылман статусун алган. "Алардын 18 миңи 2007-жылдан кийин алышкан. Кайрылман статусун алгандардын көпчүлүгү жумушка жарамдуу жарандар, жаш балдардын жана улгайган адамдардын саны аз. Башка өлкөдөн келгендердин абалы оор болгонуна карабай келишет”,- деди Г.Ибраева.
Ички миграцияга токтолуп: “2000-жылдары өлкө аймагында облустар аралык жер которуулар болуп турган. Тенденция өзгөрүп, учурда Чүй облусуна жана Бишкек шаарына келгендердин саны көп болууда. Андан кийин эле ички мигранттар келген аймак болуп Ош шаары турат. Көпчүлүгү тоолуу аймактардан түздүктөргө отурукташкандар болсо, чек ара аймактарынан жер которгондордун саны да арбын. Айылдардан шаарга социалдык абалдан улам келип жатышат. Түштүк аймактарынан түндүккө болгон агым көп, түндүк облустардан түштүк аймакка жер которгондор жокко эсе”,- деди ал.