Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда бир үй-бүлө консерваланган тамак-аштан ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 8-декабрда аял 4 баласы менен аймактык ооруканага жеткирилген. "Алардын консерваланган тамак-аштан улам ууланганы аныкталган. Кийинки күнү аялдын 15 жаштагы улуу кызы каза болгон. Анын 11 жаштагы иниси оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми аялдын жана анын башка эки баласынын абалдары туруктуу. Алар оорукананын жалпы палатасында медициналык жардам алышууда",- дешти министрликтен.