№2-түзөтүү колониясынан аял качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-декабрда саат 22:20да көзөмөл жайынан адамдын издери табылган. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө соттолгон аялдардын арасында Айгүл Андаева жок экени аныкталган. Ал 1983-жылы Алай районунун Таш-Короо айылында туулган. А.Андаева уурулук боюнча айыпталып, эркинен ажыратылган.
Учурда аны издөө иштери жүрүүдө. Байланыш телефон номурлары: нөөмөт бөлүмү 68-05-37 жана ЖАМКтын ишеним номери 43-11-77.