Ысык-Көлдө жана Кеминде жергиликтүү тургундар маңзат менен кармалышты

Укук коргоо органдары тарабынан Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун тургуну үйүндө баңгизат сактап келгени аныкталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 42 жаштагы жарандын жашап жаткан үйү тинтүүгө алынып, 1 килограмм 900 грамм маңзат табылган. Бул тууралуу 18-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Кемин районунун 45 жаштагы жашоочусунун жанынан баңгизат табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан