Ош шаарынын прокуратурасы шаардык милициянын Сулайман-Тоо бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 2-декабрында саат 08:00 чамасында аталган бөлүмдүн кызматкерлери Оштун И.М. аттуу тургунун кылмышка шектүү катары милиция бөлүмүнө алып келип, ур-токмокко алышкан. "Ошол эле күнү саат 13:00 чамасында кылмышка шектүү жашаган үйдө эч кандай уруксат берүүчү документсиз тинтүү жүргүзүштү. Мындан кийин алар жабырлануучунун тууганынан 5 миң доллар талап кылышкан, бирок максатына жетпегендиктен, саат 18:00дө кылмышка шектүүнү коё беришкен",- деп жазылат маалыматта.
Ош шаарынын прокуратурасы айыпталган милиция кызматкерлерине карата "эркинен мыйзамсыз ажыратуу", "кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу", "пара талап кылуу" жана "турак жайдын кол тийбестигин бузуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.