Орусияда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жаранын алып калыш үчүн полицияга пара берген орусиялык ишкерге жарым миллион рублдан ашуун айып пул салынды

Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жаранын алып калыш үчүн полицияга пара берген орусиялык ишкер 600 миң рубль айыпка жыгылды. Муну орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Красноярск шаарынын Ленин районунда 53 жаштагы тургун кыргыз жергесинен келген жарандарды курулушта иштетчү. "Кыргыз жараны 2015-жылдын апрель айында полиция кызматкерлеринин колуна түшкөн. Ишкер мигрантты депортациядан сакташ үчүн укук коргоо органдарына 20 миң рубль пара сунуштаганда, полиция кызматкери парадан баш тартышкан. Бул факт боюнча "кызматтагы адамга пара берүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, материалдар сотко жөнөтүлгөн. Соттун чечими менен орусиялык ишкерге 600 миң рубль айып пул салынды",- деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aku
2015-12-18 18:50:18
Иий байкуш жардам берем деп озу колго тушуптур да
+16
Samagan111
2015-12-18 19:03:48
Жаман эле болуптур
+8
korul.alai001
2015-12-18 19:18:50
Эми калган кыргыз жарандарынын акчасын бербей штрафка толойт экен да, дагы деле биздин байкуштарга кыйын болот
+4
ruslankg
2015-12-18 20:49:20
Красноярста иштегендер болсо жазып койгулачы достор
+4
Ern
2015-12-18 21:02:30
Мына сага, биздин милицияларга үлгү боло турган экен)))
+7
kasymov_10
2015-12-19 01:33:05
мыйзам иштейтта
0
gulia90
2015-12-19 02:27:45
Алат эле болуш керек эле, баягы акча сураган ментердей инетке чыгып кетпейин десе керек да.
0
mira77
2015-12-19 03:09:41
Апрелден бери бул кабарды бышырып атышыппы элге маадымдабай
+1
abdumalik.kg
2015-12-19 09:42:26
жарым миллион аларга эчнерсе эмес,бизге 50 мин дегендей эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан