17-декабрда Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунда буга чейин соттолгон Ш.П. аттуу жаран кармалган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
61 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусун текшерүүдө сырткы кийиминин чөнтөгүнөн целлофан пакети табылган. Экспертизада салмагы 566 грамм маңзат марихуана экени аныкталган. Шектүү тергөө абагына камакка алынды. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.