* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева 37 жашында көз жумган.
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлүп, Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектебин бүтүргөн. Биринчи жолу 1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институттун драма жана кино актёру факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген.
Театрда дүйнөлүк жана советтик классикадан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан.
Таттыбүбү Турсунбаева өлкөбүздүн эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Аны жергебизде "сахнанын ханышасы" деп аташкан.
* Мындан 24 жыл мурун, 1991-жылы Алматыда мурда Советтер Союзуна кирген Кыргыз Республикасы, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украинанын мамлекет башчылары чогулушуп, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине биригишкен. Келишим аталган өлкөлөрдүн бардык тилдеринде жазылып, анын түп нускасы КМШнын штаб-квартирасы Минск шаарында сакталары белгиленген. Кыргыз тараптан келишимге президент Аскар Акаев кол койгон.
* Мындан 102 жыл мурун, 1913-жылы нью-йорктук гезиттердин биринде дүйнөдөгү алгачкы баш катырма жарыяланган.
Баш катырма - дүйнөдө кеңири тараган логикалык оюн. Ал ХХ кылымда тараган. Анын мекени тууралуу азыркы күнгө чейин так маалымат жок. Ал эми америкалыктар баш катырма дүйнөдө алгачкы жолу 1913-жылы 21-декабрда "New York Post" гезитинин жаңы жылдык чыгарылышында гезиттин логикалык оюндар бөлүмүнүн редактору Артур Уинндин сунушу менен басылып чыкканын айтып келишет.
Ал алгач "Ворд-кросс" деп аталган. Көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан бул оюн башында жума сайын басылып, кийин башка басылмалар да кызыга башташкан. 1920-жылдары кроссворд Европага жайылып, СССРге келген. 1929-жылы "Огонёк" журналына алгачкы советтик баш катырма басылып чыккан.
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов жүрөк оорусунан дүйнөдөн кайткан.
Сапармурат Ниязов 1940-жылы 19-февралда Ашхабадда төрөлгөн.
1985-жылы Түркмөн ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматына дайындалып, 1992-жылы эгемен Түркмөнстандын биринчи президенти болуп шайланган. 1994-жылы жалпы элдик референдум менен Ниязовдун президенттик ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылып, 1999-жылы Түркмөнстандын Элдик Кеңеши (парламент) Ниязовдун өмүр бою президент болушуна токтом кабыл алган. Ал ажо катары өзүнүн тышкы жана ички саясатын “Түркмөнстан – эл аралык деңгээлдеги тарапсыз өлкө” деп жарыялоо менен баштаган.
21-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.