ЭЛДИК КАБАР: Парламентке келген партия шайлоо алдында Нарындагы пенсионерлер үчүн баштаган ишин аягына чыгарбай койду

Жогорку Кеңешке келген партия шайлоо алдында Нарын шаарында баштаган ишин аягына чыгарбай койду. Мындай нааразычылыгын бүгүн, 19-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.

"Таш-Кыя көчөсү шаардын четинде, Нарын суусунун боюнда жайгашкан. Бул жерде СССР убагында кыш чыгарган ишкананын жумушчуларына үйлөр салынган. Азыр бул ишкана жок. Таш-Кыя көчөсүндө көбүнчө мурун аталган ишканада иштеген пенсионерлер жашашат. Быйыл партиялар шайлоого катуу даярданып, биздин да көчөбүздү четте калтырышкан жок. Учурда парламентте отурган партия шайлоо алдында жолубузга шагыл төгүп берген, бирок шайлоодон кийин баягы шагылды төшөгөндү унутушту. Унаа өтчү жерде төшөлбөгөн шагылдар турат. "Жумушту ким бүтүрөт?" деп коммуналдык чарбага кайрылсак, бирде трактору бузук, бирде күйүүчү майы жок, ар кайсы шылтоону айтышат",- дейт окурман.

"Бул жерде элдин да уяты жок. Ар ким шагылды короосуна ташып кетип жатат. Кошуналар ынтымакташып, акча чогултуп, тракторду ижарага алып жолду түзөйлү десек, "кимге керек болсо, ошол түздөп алсын" деген сөздөрдү угабыз. Бийликке келген партия баштаган ишти бүтүрбөй, унаа өтчү жолду бууп, элди нааразы кылды. Ушунча шагылды төгүш үчүн деле канча акча, адамдын эмгеги кетти..."- дейт нааразы болгон окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Nurdaulet
2015-12-19 12:33:24
Эшеги суудан отту Деп коет кыргызда ал жепжутарларды карап отура бербей ошол жол менен жургон эл озу тошоп койбойбу трактору жок эле
+9
kirgizstan
2015-12-19 12:38:35
Молодец кабарчы. Баарын ачык жазганын жакты.
Окуп жатып бир ой келди жакшы токкон шагалдарын оздору кайра алып кетип калбаптыр деген. Жанагы трансформатрга окшотуп.
Бул жерде элдер наглый уйлоруно ташый баштаптыр
+9
BakytAliev
2015-12-19 12:46:08
уят эле тогуп бергенден кийин жайып алгыла да озунор дагы жакшы силерге токтуруп бериптир
+11
Rifle_2
2015-12-19 20:42:16
Мындай жазып коюш оңой эле. Мен кечээ жакында ортодо бир иш бүтүрүү үчүн акча топтой баштасам, арасынан мага керек эмес деп бербегендери да чыкты. Бергендери жыйынтык сурай берип, акыры өзүм төлөдүм. Ошого беш кол тең эмес деген экен.
0
BakytAliev
2015-12-19 12:46:08
уят эле тогуп бергенден кийин жайып алгыла да озунор дагы жакшы силерге токтуруп бериптир
+6
Мэри
2015-12-19 12:49:19
Чала бүткөн иш жаман, ооруй берген тиш жаман...
+3
Qnet
2015-12-19 13:40:49
Эми тигилер булар дей бербестен,озунор калганын бутуруп койсонор болот!Уят!Оозунарга алып келген нерсени чайнап койуш кыйынбы!Анча деле коп акча кетпесе керек тракторго!
+4
talant87
2015-12-19 14:34:06
Бизде жаны кочого шагыл тогуп тегиздеп берди корсон суктанасын
+2
bektursun2010
2015-12-19 16:06:23
биз кочобузго жаныбызда токтурдук. селер жакшыго.
+1
karolina.kg
2015-12-19 17:00:36
Тан кала турган эч нерсе жок,адаттагыдай корунуш.Депутаттардан кутсо болот.
0
eku97
2015-12-19 17:42:44
шаайлоо алдында башталган иштер шайлоодон кийин качан эле буткорулчу эле. ар ким уйуно ташыбай эл озу эле аракет кылса болмок депуттарды качан бутурот деп кутпой
+3
aydarov...
2015-12-19 18:11:42
Бул жанылык эмес.
-3
pepew95.
2015-12-19 18:15:50
Ошончолук тогуп бергенине шугур кылып калганын элдер озунорле "ашар" жолу менен бутуруп алсананар болмок арызданбай эле.
+1
ruslankg
2015-12-19 19:38:31
Жеп жутар элден жеп жутар чиновник чыгат.
0
Lumia-800
2015-12-19 22:26:57
Ташып кеткиле. Эми куноону озунорго коёт.
"Биз жазда бутурмокбуз,баарын тпшып кетиптир " дешет.
РS: Нарында шагыл тартышбы же такыр жокбу?
0
Rifle_2
2015-12-19 23:49:32
Lumia-800,Менимче бул баардык жерде болуп жаткан окуя. Шайлоо алдында эмнелерди гана убалашбайт ? Эми ошол убадасын мойнуна алабы ? Мандат талашып канча кырлышты, бурген убадаларын танышып.
0
Alibi
2015-12-20 00:55:03
Эшеги точно суудан өттү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан