Бишкек-Сокулук трассасынын Военно-Антоновка айыл аймагында 3 унаа катышкан жол кырсыгы болду. Бүгүн, 19-декабрда түшкө маал шаардан чыгып бараткан Тойота Алтезза унаасынын айдоочусу каршылаш тилкеге чыгып Лексус GX 470 унаасын, андан кийин Хонда Одиссей унаасын сүзгөн. Жол кырсыгынан унаалардын айдоочулары түрдүү жаракаттарды алышты. Кырсыкты милиция кызматкерлери териштирип, тийиштүү чараларды көрүштү.