Чоң-Алайда 20-декабрга караган түнү катуу шамал катталды

Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында 2015-жылдын 19-декабрынан 20-декабрына караган түнү катуу шамал катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Гидрометстанциянын кызматкери, техник-гидролог К.Камбаралиевдин берген маалыматы боюнча, Чоң-Алай районунун аймагындагы шамал 3В багытында жүрүп, ылдамдыгы секундасына 37 метрге чейин жеткен. Анын кесепетинен Алайчы уулу Саид атындагы инновациялык орто мектебинин спорттук залынын 200 чарчы метр тунуке, 8 даана шифер, 300 погондук метр ичке тактайча жана 270 погондук метр стропиласы жараксыз абалга келген. Өспүрүмдөрдү спортко даярдоо клубунун 9 чарчы метр аянттагы 6 даана шиферин шамал учурган. Ошондой эле Чоң-Алай районуна караштуу Жар-Башы айылынын тургуну Абдубали Исмаиловдун үйүнүн 72 чарчы метр тунукесин учурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан