Таш-Көмүрдө 12 батирлүү турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлүп жатат

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарындагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Таш-Көмүр шаарында 2015-жылдын 21-декабрында саат 00:30 чамасында Некрасов көчөсүндөгү 12 батирлүү №6-үй күйүп жаткандыгы боюнча өрт өчүрүүчүлөргө маалымат түшкөн. Азыркы учурда өрттү өчүрүүгө ӨКМнын тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 4 куткаруучу, 2-издөө-куткаруу отрядынан 26 куткаруучу жана №56 жана №57-өрт-куткаруу бөлүмдөрү тартылып, 3 өрт өчүрүүчү унаа менен өрттү өчүрүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан