Кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган эки өзбек жараны кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган эки өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 20-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылынын чет жагында кыргыз чек арачылары эки өзбек жаранын кармашкан. Алар өткөрмө пунктунан эмес, башка жерден мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет жасашкан. Өзбек жарандарынын жанында өздүгүн тактай турган документтери болгон эмес.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кыргыз чек арачылары кармалган адамдарды УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shailoo2015
2015-12-21 10:48:26
Чек араны жакшы караш керек, булардында иши кыйын
+1
abdumalik.kg
2015-12-21 18:04:24
Чек арачылардан АЛЛАХразы болсун, Уйбулосун таштап
чек ара карашат.
0
www.maks.aika.kg
2015-12-25 20:25:17
Маладец чек арачылар аллахым ыраазы болсун силерге куну туну уктабай Элли жерди коргогонунарга кыргыз элинин атынан сон таазим буларга ардак граматасын тапшырыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан