Орусияда полиция кызматкерине пара берген кыргыз жараны эки айга камакка алынды

Орусияда полиция кызматкерине пара берген кыргыз жараны эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Красноярск крайынын Сот аткаруу кызматынын Федералдык башкармалыгынын сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, Красноярск шаарында полиция кызматкери мыйзамсыз жүргөн кыргыз жаранын кармаган. Укук коргоо органы аны административдик протокол түзүү үчүн алып бара жатканда эмгек мигранты ага 1500 рубль пара бергенге аракет жасаган. Натыйжада соттун чечими менен кыргыз жаранына 45 миң рубль айып салынган. Бул сумманын бир да бөлүгү төлөнбөгөндүктөн, соттун чечими "2 ай камакка алуу" менен өзгөрдү. Кыргыз жараны жалпы режимдеги колониядан чыкканда өз мекенине депортацияланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан