Бишкектеги "Ош базарынын" жанынан сууктан тоңуп калган аялдын денеси табылды

Бүгүн, 21-декабрда эртең мененки саат 07:00 чамасында Бишкектин Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде сууктан тоңуп калган аялдын денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Тез жардам” кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы аял каза болгон.

Аялдын кийген кийимине жана сырткы көрүнүшүнө караганда, селсаяк болушу мүмкүн. Учурда жансыз дене Борбордук өлүкканага соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү”,- деди дарыгер.

Абдылдаевдин айтымында, бир сутка ичинде “Тез жардам” кызматына 594 чакыруу келип түшкөн. Натыйжада 109 адам ооруканага жаткырылды.

Мындан тышкары 6 адам оорусуна байланыштуу каза болгону катталды. Алардын кээ бири көптөн бери арак ичип жүргөндөр болду. Негизи, бизде кыш жана жай мезгилинде жумуш көбөйөт. Былтыркы көрсөткүчтөргө карасак, 31-декабрда эмес, 1-январда бизге түшкөн чакыруулардын саны 800дөн ашат. Кышында суук тийүү көп катталса, жайында тамактан уулануу көп болот”,- деди дарыгер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан