ЭЛДИК КАБАР: "Чоң энеси небересин эрини кесилгенде ооруканага алып келген бойдон кайра кайрылбай, баланын оозу ириңдеп кеткени айтылууда" дейт окурман

Ат-Башы районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 1 апта мурун чоң энеси 6-7 жаштардагы Бакай аттуу небересин алып келип, ойноп жатканда жыгылып, эрини кесилип кеткенин айткан. Бул тууралуу 21-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Баланын эрини кесилген, сол колунда учтуу нерсе менен сайылгандагы из калган. Ал өзү коркуп калгандыктан, эч нерсе айткан жок. Алган жарааты жыгылганга окшобойт, кырлары тегиз жана айланасында көгөргөн белгилер болгон эмес.
Көрсөтүлгөн медициналык жардамга акчасы жок болгондуктан, төлөй албай кетишкен. Эрининдеги тигилген жерди тазалап туруу керек эле, ооруканага келбей жатат. Кошуналарынын айтымында, балага анын агасы бычак сайып алган. Балдардын ата-энеси ажырашып, апасы Орусияда иштеп жүргөнү белгилүү болду",
- деген окурман баланын келечеги үчүн ага жардам керектигин кошумчалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aikol87
2015-12-22 10:11:07
Иий жакшы болуп кетсин.Кокустукта.
+1
tabyshmak
2015-12-22 10:20:33
Кудай сактасын! Уй-булонун бузулушунан куноосу жок балдар азап тартууда. Жок дегенде балалуу болгондон кийин эч кимдин уй-булосу бузулбаса экен.
+6
nurzada78
2015-12-22 12:12:35
Акы сурабай эле койбойбу?Акча сураган учун,кайра келгиси келбегендир да!
+9
Ayida
2015-12-22 12:33:40
Соопчулука деле тигип койсо болмок .Алардын деле баласы барго акыры.
+5
Parish
2015-12-22 14:27:19
Эх турмуш:Кайсыл эмкана болбосун соссуз
биринчи жардамды бериш керек,акчасы
барбы жокпу.Ат-Башынын медиктери
жумушка эмне максат менен барышарын
унутпаса жакшы болот эле.Баланын
акыбалын коруп боорум ачыды.
Сакайып кетсин
+5
Mars55
2015-12-22 14:33:21
сооп учунда жардам берип койгулачы коншу колондор.
+2
sveet
2015-12-22 15:46:56
emnedegen dokturlar.akchasy jok dep olup dele kalaberebi oshodo.
0
_adil_
2015-12-23 06:03:01
Азыр соопту билчу беле врачтар,акчан барбы дарылайт акчан жокпу олуп баратсанда карабайт. Биз озубуз кондургонбуз чонтогуно сала калып жакшы карап койчу деп.
0
samira8589
2015-12-23 17:34:59
Айыгып кетсин бечара бала,эч бир бала тируу жетим болбосо экен
0
Erniet
2015-12-25 04:49:04
Оорунду дарылабай эле чонтогунду сагалайт Азыркы врач аттуу ак халатчан омур сакчысы болмуштар
0
Erniet
2015-12-25 04:50:58
Созумо далил катары Откондо бир клиникага барып суроо берсем Консультация 350 сом дейт Бай болгур сен айтсан деле ал информацияны интернеттен бекер таап алам
0
Amadeus
2015-12-29 09:47:13
Тообо кылдым элдер. Айтылып турат го ачык эле-биринчи жардам корсотулгону. Эрининде тигилген жерди тазалап туруу кажет эле деп. Окуганды билесинерби? Андыктан биринчи жардам корсотулгон. Ал баланы ким бычактап салды, кайра кайталанбайт бекен суроонун ордуна, врачдарды жамандаган он силерге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан