Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бишкекте 4, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Жалал-Абадда 1, Ысык-Көлдө 1 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 22-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, борбор калаанын Жумабек көчөсүндө жайгашкан темирден курулган, пенопласт менен капталган кампанын 45 чарчы метр ички жасалгасы жана 15-20 даана ламинат күйгөн. Өрт электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушунан келип чыккан.
Мындан сырткары Арча-Бешик жаңы конушунда жыгач устундуу, калай менен жабылган, жалпы аянты 350 чарчы метр мончонун, сарайдын жана кампанын чатырлары күйгөн. Өрт кырсыгы жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшүнөн чыккан.