Орусиянын Москва шаарында жергиликтүү "Спартак" футбол клубунун фанаттары кыргыз мигрантын токмоктошкон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул окуя 11-декабрга караган түнү Таганск-Краснопресненск линиясынын "Китай-город" станциясында орун алган. "Станциянын платформасында жаш жигиттер чырдаша кетип, мындан улам алардын ортосунда мушташ чыккан. Анын кесепетинен 20 жаштагы Баатыр К. аттуу кыргыз жараны жабыркаган. Ал башы менен жерди катуу сүзүп, эс-учун жоготкон. Өтүп бараткан жарандар ага биринчи жардам көрсөтүшкөн. Жарым сааттан кийин гана ал өзүнө келген. Полиция кызматкерлери "Спартак" клубунун фанаты Александр Р. аттуу баланы кармашкан. Мушташ боюнча иликтөө иштери жүрүүдө",- деп жазышат басылмалар.