Кыргыз-казак чек арасынан күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз түрдө өткөрүүгө аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, “Ак-Тилек унаа жолу” көзөмөл-өткөрүүчү жайында DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынып, анын ичинде 20 тонна күйүүчү-майлоочу каражат бар экени аныкталган. "Ал эми документтерде унаанын жүк ташуучу жагы бош деп белгиленген. Кармалган айдоочунун жанында жүк ташууга уруксат кагазы болгон эмес. Тиешелүү документтер толтурулуп, чек арачылар кармалган жаранды Чүй облусунун укук коргоо органдарына өткөрүп беришти",- деп айтылат маалыматта.