Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунан ок-дарылары менен курал сакталган жер табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, курал-жарак сакталган жер 2015-жылдын 10-декабрында жок кылынган 1981-жылы туулган А.Т. жана 1986-жылы туулган А.К. аттуу адамдарга таандык болгон. "Бул эл аралык террордук топтун мүчөлөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда террордук акттарды жасоону пландашкан. Жашыруун жерден Калашников автоматы (АК-74) жана анын 400дөн ашык ок-дарылары табылып, процессуалдык түрдө алынган. Азыркы маалда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чараларын улантууда жана Кыргыз Республикасынын аймагында террордук уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоодо",- деп айтылат маалыматта.