Чүй. Кеминдеги көчөдө күндүз чала таанышы тарабынан зордукталган 29 жаштагы аял милицияга арызданды

Чүй облусунун Кемин районунда зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бейшеке айылында жашаган аял жергиликтүү милицияга кайрылып, 21-декабрда саат 17:00 чамасында Кеминдин көчөлөрүнүн биринде чала тааныш адам аны зордуктаганын айткан. "Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Чүй облусунун К.Т. аттуу тургуну кармалган. Бул факт боюнча "зордуктоо" беренесинин негизинде кылмыш иши ачылган. Тиешелүү экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары уланууда",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sobr777
2015-12-22 13:30:47
Кармалып калам деп ойлонбойбу ушу ангилер
0
Medina87
2015-12-22 15:12:52
Кунажын козун сузбосо бука кайдан жибин узсун.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан