Бишкекте жана Ошто уюлдук телефондорду "уктаткандар" кармалышты

Бишкек жана Ош шаарларында коркутуу жолу менен уюлдук телефондорду алып качып кеткендер кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-декабрда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арызданып, 20-декабрда саат 20:15 чамасында белгисиз адам анын уюлдук телефонун жулуп качып кеткенин айткан. "Арыздын негизинде ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнүн натыйжасында кылмыштын изи сууй электе Октябрь райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын Т.У. аттуу тургунун кармашкан. Бул факт боюнча тергөө амалдары башталды",- деп билдирет мекеме.

"21-декабрда Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарынын тургуну жергиликтүү милицияга кайрылган. Анын айтымында, 12-декабрда саат 22:00 чамасында Нариман орто мектебинин жанында белгисиз адам күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алган. Арыздын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 21 жаштагы О.С. аттуу тургуну кармалган. Бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nurik2103
2015-12-22 12:39:07
уктаткандар денчи нургазы ака
+1
Abdyrashit.Satylganov
2015-12-22 12:58:22
Телефондорду Уктаткандар дегени эле жакты . уктаган телефондор кайра ойгонуптурбу анан?
+4
modem4999
2015-12-22 13:54:51
Бул жанылыкты ууру озу жазган эмеспи уктатып кеткем деп
+1
mirlan15
2015-12-22 14:11:01
Хахахахаааааааааа 5555555
+1
Mars55
2015-12-22 14:25:56
тема туура эле.
0
bolotbai3
2015-12-22 14:29:21
Нургазы баарыбызды уктатты го,тема жакты жаргондор чыгып.
0
sagyn01
2015-12-22 14:32:03
Макаланы окубадым, бирок темасы дерзкий экен, кыйла кулуп алдым
+1
admin_portal
2015-12-22 14:42:13
Жалпы эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
+1
aydarov...
2015-12-22 14:44:34
Уктаткан
0
Medina87
2015-12-22 15:07:52
Автор заманга сай жаргон созун колдонуптур азамат.
+1
beku5761
2015-12-22 15:27:25
жанылыктарды да арго жаргон создор менен жаза башташыптыр да
0
beku5761
2015-12-22 15:29:21
уктаткан дебей уурдаган деп жазса жакшы болмок
-4
KGstan81
2015-12-22 15:44:28
мен ойлопмун телефон аркылуу суйлошуп уктатып коет экен жанагы гипнозерлор дегендей)))) темасынын аталышы тим эле укмуш экен
+3
Erniet
2015-12-25 04:36:53
Капырай "кирпич" учун камашат бекен Азыр да барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан