Бишкектин Биринчи Май районунда алдамчылык фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы М.Кадырбек милицияга кайрылып, Александр аттуу чала тааныш адам ишеничке кирип, унаа тетиктерин алып берүү үчүн жабырлануучудан 3 миң доллар алып, кийин дайынсыз жоголгонун айткан. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында милиция кызматкерлери Чүй облусунун 31 жаштагы К.Александр аттуу тургунун кармашкан. Учурда тергөө амалдары уланууда.