Өзбек чек арачылары чек арадан өтүп кеткен жылкыларды кыргыз тарапка кайтарып беришти

Өзбек чек арачылары чек арадан өтүп кеткен жылкыларды кыргыз тарапка кайтарып беришти. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-декабрда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушуп, Өзбекстандын аймагына кирип кеткен 6 жылкы кыргыз тарапка кайтарылып берилди. "24-ноябрда Жалал-Абад облусунун Киндик-Таш жергесинде малчынын жылкылары коңшу республиканын аймагына өтүп кетишкен. Жылкылардын ээси - Кербен шаарынын тургуну Ала-Букадагы "Кербен" чек ара бөлүмүнө жардам сурап кайрылган. Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, чек арачылар жылкыларды кайтарууга көмөк көрсөтүштү",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан