Бишкек шаарындагы кафелердин биринде уруш чыгып, тамактануучу жайдын буюмдары талкаланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-декабрда саат 13:00 чамасында Токтогул жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде эки эркек киши жана аял мас абалында уруша кетишип, кафенин буюмдарын талкалашкан. Жалпысынан 12 миң сомго зыян келтирилген.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 33 жаштагы С.Русланды, 42 жаштагы А.Бактыбекти жана 41 жаштагы А.Алтынайды кармашкан. Алар Ленин райондук милиция бөлүмүнө жеткирилишкен. Аталган факт боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.