"Сокулуктун тургунунун унаасын уурдай качкан" деп шектелген 2 бала, 2 кыз Жалал-Абаддан кармалды

16-декабрда Сокулук районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 15-декабрда анын Тойота Ист үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр тартып алышканын айткан. Уурдалган унаа 18-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунда байкалып, Жол-кайгуул кызматкерлери токтотууга аракет кылышканда токтобой койгон. Артынан кууп жетишкенде айдоочу жана жүргүнчүлөр качып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок ойлору оңунан чыкпай, колго түшүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, документтерди текшере келгенде ал уурдалган унаа экени аныкталды. Унааны уурдоого 4 жаран шектелүүдө. Алар: Нарын шаарынын 18 жаштагы тургуну К.Ж., Бишкектин 17 жаштагы тургуну О.Э., ошондой эле бишкектик 17 жаштагы жана 15 жаштагы кыздар. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан