Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда чоң маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анда ал: "Кыргыз жеринен 400-500дөй адам "Ислам мамлекетинин" катарында согушууга жөнөп кеткен деген маалымат бар. Эгерде террорчулуктун жолун тандап алсаң, анда сен Кыргыз Республикасынын жараны эмессиң. Конституцияга ушундай өзгөртүү киргизүү керек. Баш мыйзамга ылайык, азыр эч кимин жарандыгынан ажырата албайбыз. Бир күнү ошол "Ислам мамлекетинин" катарында согушууга кеткендер кайта башташат, бирок ошол чумага тете оору менен кайтып келишет",- деди.
Эске салсак, президент жыл сайын жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында журналисттерге чоң маалымат жыйынын берип келет. Бул жолкусу төртүнчүсү.