Өкмөт башчы: "Сулайман-Тоонун тегерек-четиндеги курулуштарды сүрдүрөбүз"

"Сиздер колдоп берсеңиздер, Сулайман-Тоонун тегерек-четиндеги курулуштарды сүрдүрөбүз",- деп айтты өкмөт башчы Темир Сариев 24-декабрь күнү парламент жыйынында. Өкмөттүн бул демилгесин коомчулук колдоп жатканын билдирди.
"Буга чейин Сулайман-Тоонун тегерек-четине айрым ишкерлер кафелерди салып алышкан. Аларды алып салып, тегерек-четин ачышыбыз керек. Кандай курулуш болбосун, сүрдүрөбүз. Бул демилгени коомчулук колдоп жатат, сиздер да колдоп бериңиздер. Ал жер өлкөбүздүн сыймыктануучу жайы. Келечекте туристтер көп келиш үчүн ушундай кылабыз",- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан