23-августта кыргыз-тажик чек арасындагы "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон жоокер Бексултан Баардинов табыла элек. Бул тууралуу Чек ара кызматынын өкүлү 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында кабарлады. Чек ара кызматынын өкүлү жоголгон жоокерди издөө дале улантылып жатканын айтты.
"Баардинов кызмат убагында жоголгон. Ал ошол убакта өзү менен бирге күзөттө турган жоокерлерге "сүрөткө түшүп келейин" деп айтып, ошол жердеги көлдүн жээгине кеткен бойдон келген эмес. Активдүү издөө жүргүздүк. Издөөгө бардык укук коргоо органдары катышты, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Тажик чек арачылары менен да бирге издедик. Андан кийин Ооганстан, Казакстан тараптарга маалымат бердик. Азыр деле издөө улантылып жатат",- деди Чек ара кызматынын өкүлү.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги буга чейин жоокердин дайынсыз жоголушу боюнча ички тергөөнү жүргүзүп, бул фактынын болушуна жол берген Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Чек ара кызматынын башкармалыгынын жана "Ош" чек ара отрядынын курамын кызматынан бошоткон. Мындан тышкары "Кара-Мык" тозотунда "Ош" чек ара отрядынын жеке курамы толугу менен алмаштырылган.