Премьер-министр Темир Сариев парламентте ипотекалык насыя берүү үчүн 5 миллиард сомдон 7 миллиард сомго чейин каражат каралып жатканын айтты. Сариев: "Ипотекага берилчү насыянын баштапкы төгүмү 30 пайыз болот. Насыя 12-14 пайыздан 15 жылга берилет. Тизме боюнча кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Ага жол бербөө үчүн жумушчу топ түзүлүп, насыя кандай шартта кимдерге бериле турганы боюнча критерийлерди карап жатат. Ошондой эле насыя берүү үчүн баштапкы төгүмдү 10 пайызга түшүрүү боюнча жаңы модели бар экен, аны карап жатабыз",- деп билдирди.