Депутат Нышанов "кыскартуулар өкмөткө тиешелүү болбош керек" деп айтты

Депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Темир Сариевдин кадрдык кыскартууларга көз карашы кандай экенин сурады. Сариев жооп иретинде алгач сапатка көңүл бурарын айтты. "Биринчи кезекте сапатка көңүл бурушубуз керек. Ишти жакшы алып кетиш үчүн кыскартууга азырынча бара албайбыз. "Электрондук өкмөт" тутуму түзүлсө, башкаруу системи жакшырып калат",- деди өкмөт башчы.

Андан кийин Нышанов:"Кыскартуу керек" деген -популисттердин кадамы. Кыскартуулар өкмөткө тиешелүү болбош керек",- деген оюн билдирди.

Жогорку Кеңеште 2016-жылдын республикалык бюджетинин долбоору талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан