Дастан Жумабеков депутаттарды өкмөткө суроо бергенди чектеп, иштөөсүнө убакыт берүүгө чакырды

Жогорку Кеңеште 2016-жылдын республикалык бюджетинин долбоору 2-окууда талкууланып жатат. Саат 10:00дөн бери өкмөткө суроо берүүгө жазылган 70 депутаттын 29у гана суроо берип, калганы кезекте турат. Депутат Дастан Жумабеков чектөө киргизүүнү сунуштап чыкты. "2-3 күндөн бери өкмөттү иштетпей кармап отурабыз. Берчү суроолорду комитеттерде, фракция жыйындарында берип, жоопторун алдык. Эми чектөө киргизип, ар бир фракциядан экиден депутат суроо берсин. Өкмөт иштесин",- деди Жумабеков.

Депутат Мээрбек Мискенбаев каршы оюн билдирди. "Эртеден бери ушул жерде суроо берели деп отурабыз. Бюджет бир жылда бир каралат, суроо берип, жооп алалы",- деди ал.

Чектөө сунушу добушка коюлуп, колдоого алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан