Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында төө буурчакка табити жок экенин айтты. “Жубайым салатка кошконду жакшы көрөт. Бир жолу Кытайдан рецебин да алып келиптир. Чынын айтсам, мен аны жактырбайм. Маселени мындай жол менен чечүү туура эмес (ред. өкмөт башчы Сариевдин төө буурчак боюнча айткан пикиринин мисалында). Менимче, эмне жакшы сатылса, ошону өстүрүү керек”,- деди мамлекет башчы.
Президент мышыкты жакшы көрөрүн суроолорго жооп берип жатып билдирди. "Үйүбүздө мышык бар. Шарт болсо үйдө ит, мышык баккан жакшы. Алар адамга жардам беришет",- деди президент.