Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ордуна жаңы түзүлө турган энергетикалык холдингди Кубанычбек Турдубаев жетектейт. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. "Өзүңөр билесиңер, министрлик жоюлган. Министрликтин милдеттери Экономика министрлигине жүктөлүп берилген. Министрдин орун басарларын Экономика министрлигине которуп, министрдин өзүн кыш чыкканча деп кеңешчи кылып алгам. Азыр холдинг түзүү долбоору парламентке киргизилген. Сиздер колдоп берсеңиздер, холдинг түзүлөт. Анын жетекчилигине Турдубаевди дайындайм, бул чын",- деди Сариев.