Алмазбек Атамбаев соттордун жоопкерчилигин күчөтүү керектигин айтты

"Соттор көз карандысыз гана эмес, жоопкерчиликтүү дагы экендиктерин билип жүрүшү керек". Муну бүгүн, 24-декабрда журналисттер менен жолугушууда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев билдирди.

"Эгерде туура эмес иш кылса, өмүрүнүн акырына чейин жооп бергидей болсо. Ансыз кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дейбиз да, кылмыш кылган адам апакай болуп чыгууда. Соттук реформа соттордун көз карандысыздыгы үчүн керек, бирок бул соттордо жоопкерчилик жок дегенди билдирбейт. Бизде менталитет да башкача, коррупция менен күрөшүү керектигин айтышат, жоопко тартайын десең, "бул менин айылдашым, күйөөм же бир тууганым" дешет. Мындай болбойт да. Оюндун шарты баарына бирдей болушу кажет",- деди өлкө жетекчиси.

Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны (Толугу менен)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан