Депутаттар "Казакстандан көмүр алууну токтотуп, өзүбүздүн көмүрдү пайдаланууну талап кылышыбыз керек" дешти

Өкмөт калкты жергиликтүү көмүр менен камсыздоо үчүн 2015-2016-жылдын кыш мезгилинде 500 миң тонна көмүр ташып келүүнү пландап жатканын өкмөт мүчөлөрү "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында билдиришти. Бирок фракция мүчөлөрү бул көлөмгө макул эмес. Депутаттардын айтымында, бул жылы жок дегенде 700-800 миң тонна көмүр менен камсыз кылып, кийинки жылдардан тартып толугу менен жергиликтүү көмүргө өтүү керек.

"Өкмөт Казакстандан 1 миллион тонна көмүрдү 1 тоннасын 56 доллардан алып, өзүбүздүн көмүрдүн 1 тоннасын 36 доллардан сатып алып жатат. Ал эми акчанын жоктугунан башка жактарга барып 20-30 миллион доллар карыз алып жүрөбүз. Өзүбүздүн көмүрдү сатып алсак, ошол акчалар өзүбүздө калат го. Анын үстүнө учурда көмүр ташыган КамАЗ ээлери жумушсуз отурушат. Андан сырткары Казакстандан алынып келип жаткан көмүрдөн бюджетке салык түшпөйт",- дешти депутаттар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан