Алмазбек Атамбаев жаш балдарга: "Орус тилиндеги көптөгөн сөздөр кыргыз тилинен алынган, мисалы, "буран" - "бороон", "ералаш" - "аралаш"

Бүгүн, 25-декабрда Кыргыз улуттук филармониясында президенттик жаңы жылдык балаты өтүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев сахнага чыгып, балдарга куттуктоо сөзүн айтты.

"Бүгүн мен майрамдык көрсөтүүнү көрүп, кичинекей баладай сүйүндүм. Иш-чарага катышкандарга рахмат айткым келет. Баарыңардын Жаңы жыл майрамыңар кут болсун!"- деп баштады сөзүн президент.

"Жаңы жыл - илгерки майрамдардын бири. Айрымдар бул майрамды өткөрбөгөнгө чакырышууда, бирок дүйнөдөгү элдер үчүн бул майрам абдан маанилүү. Жаңы жыл - жакшылыктын майрамы. Мен жакшы көргөн күндөрдүн бири",- деди Атамбаев.

Андан соң балдарга кайрылып, көп тил билүүгө чакырды. "Канчалык көп тил билсеңер, ошончолук силерге турмушта оңой болот. Мен төрт тилде эркин сүйлөй алам. Кыргыз тилин алсак, бул эң байыркы тилдердин бири. Орус тилиндеги көптөгөн сөздөр кыргыз тилинен алынган. Мисалы, орусча "ералаш" деген сөз кыргыз тилиндеги "аралаш" деген сөздөн пайда болгон, ошондой эле "буран" - "бороон", "Сибирь" - "шибер", "Енисей" - "Эне-Сай" жана башкалар... Мындан тышкары билимге умтулгула. "Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат" деген жакшы сөз бар. Көп окуш керек. Пайдубалыңар бекем болот",- деди өлкө башчы.

Президенттик балаты былтыркыдан кыйла айырмаланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан