Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова мамлекеттин эсебинен белгиленчү мааракелерди кыскартууну колдойт. Муну депутат 24-декабрда "Парламент" радиосундагы маегинде билдирип, залкар инсандардын эмгегин кийинки муундарга жеткирүү жакшы экенин, бирок сөзсүз эле мамлекеттин эсебинен дүңгүрөтүп той берүү шарт эместигин айтты.
“Ошондуктан 140, 150 жылдык деген сыяктуу мааракелерди өткөрүүнүн ордуна азыркы учурда орун алып жаткан социалдык теңсиздиктен канткенде чыга алабыз деген суроо биринчи кезектеги баш катырчу маселебиз болуш керек. Улуу инсандардын жакындары менен алардын атайын фонддору чакан эскерүү кечелерин өткөрүп койсо болот”,- дейт депутат.