Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын 25-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы кызмат ордуна талапкер тандалды.
Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков фракцияга 29 талапкер арыз менен кайрылып, документтерин тапшырганын, алардын арасынан бир талапкерди тандап алуу керектигин билдирди. Ал талапкерди мыйзам чегинде гана тандоо зарылдыгын кошумчалады.
Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү жыйынтыгында 29 добуш менен Кубат Оторбаевдин талапкерлиги тандалып алынды.