Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда суу түтүктөрү жарылып, суу Жаңы-Базар айылын каптап жатканын окурман 28-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
“2014-жылдын ноябрь айында аталган айылда иштен чыккан суу түтүктөрүн капиталдык оңдоп-түзөө боюнча тендер өткөрүлүп, аны “Скай” жеке курулуш компаниясы уткан. Ошондон бери жумуш башталбай, ушул жылдын август айында гана мурда иштеп жаткан колонкалар сырдалып, оңдомуш этилди. Бул долбоорго 1 миллион 200 миң сом бөлүнгөн, бирок биздин эсептөөлөр боюнча, 300 миң сомдой гана акча иштетилди”,- деп билдирди окурман.
Ал кошумчалагандай, курулуш компаниясы суу түтүктөрүн оңдоп, бир ай мурун айыл өкмөтүнө өткөрүп бериши керек болчу. "Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “аталган компания аткарган жумушун бизге өткөрүп бере элек” деп жатышат. Ал эми “Скайдын” башчысына бул боюнча барсак, “Мен жасаган жумушумду комиссияга өткөрүп бергем. Билгениңерди кылып алгыла” деп жергиликтүү тургундарды кетирип салды",- дейт окурман.
"Бул иш боюнча Башкы прокуратурага кайрылдык, алар болсо облус прокуратурасына жиберишкен экен. Ошол бойдон иш ордунан жылбай турат. Учурда Чаткалдан бери Бишкекке келип, премьер-министр Темир Сариевге жолугалы дегенбиз, бирок жолуга албай жатабыз",- дейт нааразы окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.