Талас облусунун Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар жолдун тайгак болгонуна байланыштуу 2 сааттан бери токтоп турушат. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди. Анын айтымында, учурда тыгында 20дай унаа турат.
“Жол муз болгондуктан, унаалар тайгаланып, жолду тосуп туруп калышууда. Менин бул ашууда турганыма эки саат болду. Ошондон бери жолду эксплуатация кылчу башкармалыктан эч ким келе элек. Учурда айдоочулар өздөрү жолго кум сээп, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун айласын издешүүдө”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.