Тармактык комитет өлкөнүн салык тутумунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорун жактырды

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу шартында өлкөнүн салык тутумунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору 28-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде каралды.

Мыйзам долбоорунда кошумча нарк салыгын каттоо чегин жылына 4 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин жогорулатуу чарасы камтылган. Экономика министринин пикиринде, 4 миллион сомдук чек 2008-жылы белгиленгендиктен, азыркы шартка ылайык келбей калды. Аны жогорулатуу чакан бизнести өнүктүрүүдө кыйла ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Андан сырткары сатуудан алынуучу салыкты жокко чыгаруу демилгеси да сунушталууда. Кыргыз мамлекетинин аймагынан ЕАЭБ аймагына же ЕАЭБ аймагынан тышкары ташып чыгаруучу товарларды сатууда ата мекендик салык төлөөчүлөрдү мындай салыктан бошотуу ата мекендик салык төлөөчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Сатуудан алынуучу салыкты жоюу чаралары эки этапта ишке ашырылат: 1-этап – 2016-жыл, 2-этап – 2017-жыл. Бюджеттин киреше бөлүгү 1-этапта 1,5 миллиард сом, 2-этапта 1 миллиард сом өлчөмүндө жоготууга учурайт. Анын ордун толтура турган башка бир катар алгылыктуу чаралар топтому каралган. Ал үчүн дагы 5-6-мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Сайдулла Нышанов товар жүгүртүүдөгү кошумча нарк салыгын каттоо чегин 10 миллион сомго чейин көтөрүү сунушун берди. Каржы министри кошумча нарк салыгын каттоо чегин азырынча 8 миллион сом өлчөмүндө калтырып, кийинчерээк 10 миллион сомго чейин көтөрүү жагын карап көрүүгө убада берди.

Ал эми депутат Мурадыл Мадеминов айыл чарбасына берилген жеңилдиктерди дагы 3 жылга узартуу сунушун берди. Анын пикиринде, өткөн 3 жыл аралыгында айыл чарбасы жетиштүү деңгээлге көтөрүлө алган жок.

Комитет депутаттардын сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан