Президент кырсыктан каза тапкан НТС телеканалынын операторунун жакындарына көңүл айтты

Бүгүн, 30-декабрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бишкекте автоунаа сүзүп каза болгон НТС телеканалынын оператору Жоомарт Асанбековдун жакындарына көңүл айтты. Президенттик аппараттан билдиришкендей, Асанбековдун үй-бүлөсүнө президенттик фонддон материалдык жардам катары 50 миң сом бөлүндү.

Жол-кайгуул кызматынын маалыматына караганда, кечээ, 29-декабрда филармонияга жакын жерде Мерседес унаасынын айдоочусу тартуу иштери менен алектенип жаткан операторду сүзүп кеткен. Андан соң жабыркаган операторду каршы тилкеде келе жаткан Lexus RX 300 унаасы сүзгөн. Бул боюнча
соттук-медициналык экспертиза, автотехникалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жоомарт Асанбековдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан