Толкунбек Молдокеев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматынан бошотулду

31-декабрда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Толкунбек Молдокеев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Премьер-министр Темир Сариевдин буйругуна ылайык, анын ордуна Нурбек Сыдыгалиев дайындалганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жаңы дайындалган министрдин орун басарын министр Кубатбек Боронов жумушчу кеңешмеде жамаатка тааныштырып, анын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан