Бүгүн, 31-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевге "генерал-майор" деген жогорку аскердик наам ыйгарылды. Өлкө башчынын башка жарлыгы менен ушундай эле наам УКМКнын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараевге тапшырылды. Маалыматты президенттик аппараттан кабарлашты.