Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери майрам күндөрү иштерин так аткарышы үчүн министрлик жетекчиси Кубатбек Боронов атайын буйрук чыгарды. Мекемеден бүгүн, 31-декабрда кабарлашкандай, буйрукка ылайык, министрликтин Ыкчам башкармалыгынын башчысы Урматбек Шамырканов, Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин башчысы Нуржан Осмоналиев, министрликтин облустук, Бишкек жана Ош шаарларындагы башкармалыктарынын башчылары, Мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунун командири, Республикалык куткаруу отрядынын командири, Бишкек шаарынын куткаруу кызматынын башчысы буларга милдеттүү:
- жогорку күжүрмөн даярдыкты, аскердик тартипти, кароолдук жана ички нөөмөт кызматын кыраакы жана так алып барууга;
- өзгөчө кырдаалдар келип чыгуу окуясына карата ыкчам топтордун курамын тактоого;
- куткаруу бөлүктөрүнүн өзгөчө кырдаалдар болушу мүмкүн болгон жерге чыгууга 60 мүнөттүк даярдыгын белгилөөгө;
- 31-декабрь күнү министрликтин облустук шаардык башкармалыктарына жооптуу кылып ӨКМнын облустук, шаардык башкармалыктарынын башчыларын дайындоого;
- болушу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн күч жана каражаттардын даярдыгын камсыз кылуу үчүн чараларын көрүүгө;
- өзгөчө кырдаалдар болгон жерлерге чыгуу үчүн нөөмөттүк автотранспортторун даярдыкта кармоого.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиевге жүктөлдү.