Токтогул ГЭСинин 2-агрегаты оңдолууда, жакында ишке киргизилет. Муну парламенттин 31-декабрдагы жыйынында экономика министринин орун басары Нурлан Садыков билдирди.
"Бүгүнкү күндө ГЭС 50 пайыз кубаттуулукта иштеп, 600 мегаватт электр энергиясы өндүрүлүүдө. Кошумча ылдыйкы ГЭСтер иштетилип, ЖЭБ максималдуу түрдө ишке киргизилип, жалпы мамлекет боюнча электр кубаты берилүүдө. Учурда 2-агрегаттагы авариянын кесепеттерин жоюу боюнча Орусиядан адистер чакырылып, оңдоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү оңдоо иштери бүтүп, сыноодон өткөрүлөт. 2-трансформатор ишке киргизилсе, кошумча дагы 300 мегаватт өндүрүлүп, жалпысынан Токтогул ГЭСи 900 мегаватт менен иштеп баштайт. 3-трансформаторду ишке киргизүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Оңдоо иштери февраль айына чейин бүткөрүлүп, Токтогул ГЭСи толук кандуу электр кубатын өндүрөт",- деп билдирди Садыков.
“Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасынын директору Медетбек Айткулов: “Бүгүнкү күндө бардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылып, эч кандай өчүрүүлөр жок. Мындан ары дагы чектөөлөр, мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр болбойт”,- деп билдирди.