Жогорку Кеңеште өлкөнүн салык тутумунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана ишкерлерге жеңилдик берүү максатында иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынды.
Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда, мыйзамда кошумча товар жүгүртүүдөгү нарк салыгын каттоо чегин 4 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин жогорулатуу чарасы камтылган. 4 миллион сомдук чек 2008-жылы белгиленгендиктен, азыркы шартка ылайык келбейт. Аны жогорулатуу чакан бизнести өнүктүрүүдө кыйла жагымдуу шарттарды түзөт. Ал үчүн КРнын Салык кодексине жана “КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.
Андан сырткары сатуудан алынуучу салык эки этапта жокко чыгарылат. Кыргыз Республикасынын аймагынан БАЭБ аймагына же БАЭБ аймагынан тышкары ташып чыгарылуучу товарларды сатууда ата мекендик салык төлөөчүлөрдү мындай салыктан бошотуу алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатат.
Сатуудан алынуучу салыкты жоюу чаралары эки этапта ишке ашырылат: 1-этап – 2016-жылдын 1-январы, 2-этап – 2017-жылдын 1-январы. Ушундан улам бюджеттин киреше бөлүгү 1-этапта 1,5 миллиард сом, 2-этапта 1 миллиард сом өлчөмүндө жоготууга учурайт. Бирок анын ордун толтура турган башка бир катар алгылыктуу чаралар топтому каралган. Ал үчүн дагы 5-6-мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат.