ЭЛДИК КАБАР: Кара-Суу районунан "Бел-Алма" көмүр кенине каттаган жүк ташуучу унаалар Кожо-Келең айылынын унаа жолу менен көпүрөсүн талкалап жатат

"Ош облусунун Кара-Суу районунан Кадамжайдагы "Бел-Алма" көмүр кенине каттаган Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар Кожо-Келең айылынын жолу менен көпүрөсүн талкалоодо",- деп кайрылды окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу. Анын айтымында, мындан улам жол менен көпүрө жараксыз абалга келип жатат.

Хово үлгүсүндөгү унаалар 30-40 тоннага чейин оор жүк көтөрүшөт. Мындай салмакты биздин жолдор көтөрө албашы көрүнүп турат. Ал эми "Бел-Алма" көмүр кени мыйзамсыз иштеп жаткандыгы азыркы учурда Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жатат”,- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
zoichka
2016-01-04 14:51:57
Сапатсыз курулган копуро экени билинип турат.талапка жооп бербегенин МЧС далилдеп тактаган.ошондуктан болоор болбос нерсени алып чыга бериштин кажети жок
-4
Rifle_2
2016-01-04 16:46:30
Боло турган нерсе , бир чоң көпүрө бузулуп жатса кайдыгер караган сага рахмат. Ал көпүрө мүмкүн бир чоң айылга кызмат кылат. Талапка жооп бербейт деп эле бузуп салыш керекби ? Жаңы куруп бергенге чейин карапайым эл иштетип турганы пайдалуу.
+4
azamatzh
2016-01-04 17:02:56
Rifle_2, Туура айтасыз барды барктап алалбасак,эртен жок калганда кеч болот.
0
tursunbaev2004
2016-01-04 17:03:58
Rifle_2,туура айтасын боло турган нерсе бирок Папан айылынан Кожокелен айылына чейин беш алты копуро бар бироо болсо кана
0
zoichka
2016-01-04 15:31:06
Элдин коопсуздугун сактабаган деп.ошол копурону салган адамдарды жоопко тартыш керек
-2
tursunbaev2004
2016-01-04 16:59:13
Бул копуролор союздун кезинде курулган копуролор эми кайдан табасын аларды жоопко тартуу учун капиталдык ремонтту жакшылап кылыш керек
-2
dasta
2016-01-04 17:22:00
Ким жонотсо да жалган маалымат тараткан бул копуролор бир жакшына анча мынча жерлери еле чекелери сынган аны ремонт кылса деле болот бул кудай буйурса коп чыдайт копуронун стойкалары бир жвкшына
-3
Oolokon
2016-01-04 17:34:41
dasta, каякта бир жакшына коруп турасын го. Бир байдын чонтогун толтуча бул копуролор бузулат.
-1
Oolokon
2016-01-04 17:38:29
Бир кун ушул копуролор тушуп кетсе Кожокелен, Кичи-алай, Чогом айылдарынын тургундары менен байланыш узулот. Азыртан карабаса болбойт. Транспорт министрлиги карап чыгып жообун берсин.
+1
zoichka
2016-01-04 20:27:04
Oolokon, ХХХХ ХХХ
0
admin_media
2016-01-05 11:27:57
zoichka,
Эскертүү! Коомдук этиканы сактаңыз!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан